Кантип жарандыкты сактап калуу керек жана кантип аскерге кетип калбоо керек¶
2024-жылдын 8-августунда алгачкы аскердик каттоого туруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн алынган жарандыгынан ажыратууга мүмкүндүк берүүчү мыйзам күчүнө кирди. ИИМ тарабынан жарандыкка кабыл алуу чечими чыккан жана ант берүү иш-чаралары пландалып жаткан эркектер жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирилди. Жарандык алган күндөн тартып эки жуманын ичинде аскердик каттоого туруу керек.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө байланыштуу суроолорго жоопторду чогулттук.
Эгерде мен ушул учурга чейин жарандык алган болсом¶
Чындыгында аскердик каттоо армияны комплекттөө үчүн керек. Жарандыкты төрөлгөндө алган эркектерди 16-17 жашында каттоого алып, аларга аскердик каттоо күбөлүгүн беришет. Ансыз жогорку окуу жайга, колледжге өтүүгө же көп учурда жумушка орношууга мүмкүн эмес. 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы эркектер мөөнөттүү аскер кызматына чакырылат, андан кийин запастагылар катары эсепке алынып, 52 жашка чейин аскердик жыйын пунктарына же мобилизацияга чакырылышы мүмкүн.
Ошону менен бирге каттоого алынгандардын бардыгы эле асерге чакырылбайт. Саламаттыгы боюнча аскердик кызматтан бошотууга, окуусуна, үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу кийинкиге жылдырууга, иши боюнча алдын ала ээлөө алууга же көз караш, ишенимине жараша аскердик кызматты альтернативдик жарандык кызмат (мындан ары - АЖК) менен алмаштырууга болот.
Келишим түзбөй койсо болобу¶
Согуш жүргүзүү үчүн адамдарды массалык түрдө келишимдик кызматка тартып (вербовка) жатышат. Келишим түзүү ыктыярдуу гана болушу керектигин эстен чыгарбоо керек. Кесепетсиз баш тарта аласыз, ал эми жарандыктан ажыратуу коркунучу бар деген жалган.
Кандай гана мөөнөт сунуштабасын, бардык келишимдер согуштун аягына чейин күчүндө болот, жаракат алып калса, түрмөгө түшүп калса же 65 жашка чыкса гана иштен бошонууга болот.
18 жаштан 30 жашка чейинки эркектер эмнени эске алуусу керек¶
Мөөнөттүү аскер кызматына чакыруу 1-октябрда (1-апрелда) башталат. Чакыруу учурунда тузакка кабылуу тобокелчилиги бар. Анда сизди күч менен каттоого алып, аскерге «бир күндө» алып кетүүгө аракет кылышат. Бул өзүм билемдик, бирок ага даяр болуп туруу керек. 1-октябрга чейин каттоого туруп, дароо эле бошонууга же кийинкиге жылдырууга, аскердик кызматка туура келбеген ишенимдериңиз сыяктуу негиздерди билдирүүңүз керек жана аскер кызматын АЖК менен алмаштырууну талап кылыңыз.
АЖК – бул эмгек акысы төлөнгөн, дем алыштары жана өргүүлөрү менен эмгек келишиминин негизиндеги иш, адам аны аскердик кызматынын ордуна аткарат, мисалы, ооруканада. Кызмат 21 ай созулат, бирок сиз ага үйдөн чыгып барып, ар күнү кайра үйгө кайтып келип турасыз. Сизге АЖКга дароо уруксат бербесе дагы, сиз аскерге чакыруу иш-чараларынан өзүңүздү коргой аласыз.
30 жаштан ашкан эркектер эмнени эске алуусу керек¶
Азыркы учурда мобилизация боюнча аскерге чакыруу жок. Эгерде сизди мобилизация кылат десе, демек, бул келишимге көндүрүү максатындагы жалган.
Мобилизациянын негизиндеги аскерге чакыруу каалаган учурда кайра башталышы мүмкүн. Сизди мобилизация кылганы жатса, каттоого туруп жатканда бошотууга же кийинкиге жылдырууга жана аскердик кызматка каршы ишенимдер сыяктуу негиздерди билдирип, аскердик кызматтын АЖК менен алмаштырууну талап кылыңыз.
Мобилизация учурундагы АЖК – бул конституциялык укук, бирок кызмат кандай өтөөрүн аныктаган мыйзам жок. Бул укукту талап кылгандар согушка жөнөтүлбөөсү керек.
Эгерде сиз аскердик кызматты Тажикстанда өтөсөңүз¶
Сизди РФда мөөнөттүү аскер кызматына чакыра алышпайт, бирок мобилизация кыла алышат.
Мен кете аламбы¶
Мыйзам боюнча чакыруу берилген аскерге милдеттүү адамдарга чыгууга чектөө коюлуусу мүмкүн. Техникалык жактан муну азырынча массалык түрдө жасоо мүмкүн эмес, бирок 1-ноябрдан баштап мүмкүн боло тургандай кылганды пландаштырып жатышат. Ал ишке ашабы белгисиз.
Бүгүнкү күндө аскердик каттоодо турбаган же аскерге чакырылган адамдарга чыгууга тыюу салынганын жолуктура элекпиз.
Кантип жардам алууга болот¶
Биздин ишеним байланышыбызга жазыңыз. Бул акысыз жана купуялуу. Аскердик кызмат өтөөдөн баш тартуунун негиздерин түшүнүүгө, каттоого турууга даярданууга жана АЖКга жетүүгө жардам беребиз.
Эгерде аскердик кызмат өтөөгө мыйзамсыз чакыруу же АЖКга уруксат бербөө жөнүндө арыздануу керек болсо, адвокат таап, зарыл болсо, анын кызматына акча каражатын топтоп беребиз.