Перейти к содержанию

Рейд: полиция аскер комиссариатына алып бара жатса, кантип коргонуу керек

2024-жылдын апрель айынан тартып полиция мигранттарды жана орус жарандыгын алган адамдарды мурдагыдан дагы тез-тез, массалык түрдө кармоодо. Мүмкүн болушунча контрактка тартууга аракет кылышат. РФнын паспорту бар адамдарды аскер каттоосуна мажбурлап тургузат, ал эми чакыруу кампаниясынын учурунда 30 жашка чыга электерди «бир күндө» мөөнөттүү аскер кызматына кетирип жиберүүсү ыктымал.

Рейддерди толук жабдылган (экипировкаланган) ОМОН (атайын багыттагы мобилдик отряд) же Росгвардия аэропорттордо, вокзалдарды, жатаканаларда, базарларда, жада калса, мечиттерде жана эс алуу жайларында жүргүзүп жатышат. Мыйзам боюнча күч органдарында жеке же коомдук жайларга кирип баруусуна жана жарандардын укуктарын чектегенге олуттуу негиздери болуусу керек. Бул таптакыр каттоого алуу эмес. Бирок, өзүм билемдик болуп жатат жана Орусияга көчүп келген адамдардын аларга туш болуусу үчүн көп ыктымалдуулук бар.

Бул макалада, эгерде сиз текшерүүгө кабылып калсаңыз, өзүңүздү кандай алып жүрүүңүз көрсөтүлгөн.

Эгерде полиция кармап кетсе

Мыйзам боюнча

Миграция мыйзамдарын же аскердик каттоо эрежелерин бузган болсо, же чакырууну берүүгө же конкреттүү адамды полиция кызматкерлери полиция бөлүмүнө алып барууга укуктуу. Мисалы, ал адам ушул мезгилге чейин берилген чакыруу боюнча бара элек болсо же каттоого туруу үчүн багыттаманы аткарбаган учурда.

Сизди аскер комиссариатына алып барганга укуктары жок.

Биз көптөн бери байкап жүргөн өзүм билемдиктин бир түрү болуп калган документти массалык түрдө текшерүү дагы мыйзамсыз, ага каршы туруу абдан татаал экендигин түшүнүп турабыз.

Иш жүзүндө

  1. Башында документтер текшерилет

    Кезек-кезеги менен же баарын бир жерге топтоп, текшерүүгө алып кетишет. Мындай учурда адамдарды автобуска камап же чыгууну тосуп коюшат, кээде жөн гана адамдарга эч жакка кетпөөсүн айтат.

  2. Көп учурда документи жайында болгондорду кое беришет.

    РФ паспорту жок болсо, анда өлкөдө жүрүү укугун тастыктаган документи барларды кое берет. РФ паспорту бар адамдардын паспортторунда аскер каттоосуна тургандыгын күбөлөндүргөн белгилерди талап кылат: каттоо кагазы (приписной) же аскер билети.

  3. Эң жакшы болду деген жагдайда каттоого турбаган жарандарга каттоого тууру үчүн чакырууну же багыттаманы тапшырышат

    Ар дайым эле мындай боло бербейт, бирок ушуну талап кылууга болот.

  4. Эң жаман болду деген жагдайда полицияга же аскер комиссариатына жеткирет.

    Көп учурда полицияга РФ паспорту жок же документтеринде тартип бузуулар бар адамдарды алып барат. Ал эми калгандарын аскер комиссариатына алып барат.

Өзүн кантип алып жүрүү керек

Эгерде сиздин РФ паспортуңуз бар болсо, бирок сиз каттоого тура элек болсоңуз, ошол эле жерден чакырууну же каттоого турууга багыттаманы келерки датага берүүнү талап кылыңыз. Ушул мезгилге чейин бул тууралуу эч ким айтпаганын, эми сиз бул тууралуу билгениңизди жана жашаган жериңиз боюнча аскер комиссариатына каттоого милдеттене турганыңызды айтсаңыз болот.

Эгерде сизди кармап жатышса жана аскер комиссариатына алып барганы жатса, дагы мындай иш-аракеттерди кылууга болот.

  1. Качып кетүү аракетин кылуу

    Эгерде кармап алышса, полиция кызматкерлеринин мыйзамдык талаптарына баш ийбөө катары карашы мүмкүн. Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстин 19.3 беренесинин негизинде айып пул салып же 15 күнгө камоо жазасына тартуусу мүмкүн. Ошондой эле, жооп катары мыйзамсыз зомбулук колдонуусу мүмкүн.

    Башка жолдор менен зомбулуксуз каршылык көрсөтүүгө болот. Эң негизгиси, зомбулук колдонбоо, бул үчүн кылмыш кодексинин 318-беренеси боюнча кылмыш жазасы каралган.

  2. Бул тууралуу жакындарыңызга жана тааныштарыңызга маалымдоо

    Ошондой эле биздин ишеним байланышка же башка укук коргоочу демилгелерге кайрылыңыз.

  3. Полиция кызматкерлеринин аты-жөнүн жана жетондорунун номерлерин билип, жазып алуу.

  4. Видео же аудио жазуу жүргүзүү

    Байкатпай жаздырууга аракет кылыңыз. Эгерде зомбулук болуп жатса, жок дегенде текст менен коштоп жаздырууга аракет кылыңыз.

  5. Эч нерсеге кол койбоо

    Келерки даталарга коюлган каттоого турууга чакырууга гана кол койсоңуз болот.

Полиция бөлүмүндө/ аскер комиссариатында

РФ паспорту жок адамдарды көп учурда полицияга, ал эми калганын дароо эле аскер комиссариатына алып барат.

Келишимге кол койбоңуз

Сиздин паспортуңуз бар болсо дагы, жок болсо дагы, аскер каттоого турган болсоңуз дагы, тура элек болсоңуз дагы, сизге келишим түзүүнү сунуштайт. Күч органдары рейддердин жыйынтыгында бир жолкуда эле 100 келишим түзүлдү деп отчет көрсөтүп жатышат. Бул кайсы баскычта болуп жаткандыгын биз билбейбиз. Эгере сизде ушундай маалымат бар болсо, сураныч, бизге айтып бериңиз. Вербовкага мындай каршылык көрсөтүүгө болот.

  1. Келишимдин негизиндеги аскер кызматы өз ыктыяры менен гана болуусу керек. Жөн гана сиз андан баш тарта аласыз, кандай болбосун коркутуулар болсо, анда ал жалган.

  2. Сизге кандай гана мөөнөт сунушталбасын, бардык келишимдер согуш бүткөнгө чейин болот, ал эми аскер кызматынан жаракат алып, түрмөгө түшүп же 65 жашка толуп гана бошонуп кетүүгө болот.

  3. Кимдин жарандыгы жок болсо, аны алууга артыкчылыкты убада кылышат. Алар чындыгында бар, бирок сизди сиз курман болуп кала турган чыныгы согушка тартып жатышат. Эгерде алар тылда же курулуштагы жумушту убада кылып жатышса, аларды аткаруусуна эч кандай кепилдик жок.

  4. Жарандыгы бар адамдарга келишимге кол койбосо, жарандыктан ажыратуу менен коркутуусу мүмкүн. Эгерде сиз каттоого тура элек болсоңуз, бул коркунучту кээде ишке ашырышат. Сиз өзүңүз чечүүңүз керек, бирок өлгөн адамга жарандыктын кереги жок.

  5. Эгерде сиз 30 жаштан ашсаңыз, мобилизация жүрүп жатканына байланыштуу сиз согушка барууга милдеттүүсүз деп, келишимге кол коюшуңузга мажбурлоосу мүмкүн. Бул жалган, азыркы мезгилде мобилизациянын негизиндеги аскерге чакыруу жок.

  6. Эгерде сиз келишимге кол коюп, бирок оюңузду өзгөртсөңүз, дагы башка жолу бар. Келишимди аткарбаңыз, мүмкүн болушунча тезирээк бизге жазыңыз.

Эгерде сизди мажбурлоо жолу менен каттоого алып жатышса

Эгерде сизде РФ паспорту болсо жана сиз каттоого тура элек болсоңуз, сизди мажбурлап тургузганга аракет кылышат. Мындай учурда эмне кылууга болот:

  1. Каттоого турууга чакыруунун же багыттаманы талап кылыңыз

    Бул сиздин даярданып алууңузга керек – ден-соолугуңуздун абалы тууралуу документтерди топтоп, окуу боюнча жана социалдык жагдайларга байланыштуу убакытты жылдыруунун шарттарын билүүгө, альтернативдик жарандык аскер кызматына арыз толтурууга керек.

  2. Эгерде жашыңыз 30 жаштан ашкан болсо, каттоого турсаңыз болот

    Эгерде кое бербей жатышса, каттоого тургузганга макул болсоңуз болот. Медициналык текшерүүдө ден-соолугуңуз боюнча даттанууларыңыздын бардыгын айтыңыз, мүмкүнчүлүк болсо, медициналык документтерди көрсөтүңүз. Натыйжада, сизди запаска киргизүүсү керек.

  3. Эгерде сиздин жаш курагыңыз 18 жаштан 30 жашка чейин болсо, мүмкүн болушунча медициналык текшерүүдөн жана чакыруу комиссиясынан өтүүгө макул болбоңуз.

    Бул сизди «бир күндө» аскерге алып кете албоого керек. Анализ тапшырууга жана диагностика кылууга багыттама жана медициналык текшерүүгө чакыруу берүүсүн талап кылыңыз.

Эгерде аскерге «бир күндө» чакырса

Эгерде сиздин паспортуңуз бар болсо, жашыңыз 18 жаштан 30 жашка чейин болсо, сизди чакыруу кампания учурунда кармап алышса, башкача айтканда, 1-октябрдан 31-декабрга чейин же 1-апрелден 15-июлга чейин, анда сизди «бир күндө» аскерге чакырып кете алышат. Күч колдонуп чакырып кетүүгө кантип каршылык көрсөтүүгө болот.

«Бир күндө» чакыруу мыйзамдуу эмес, бирок бул, айрыкча Москвада, тез-тез болуп туруучу тажрыйба. Аскер комиссариатынан же Бирдиктүү чакыруу пункттан жыйналуучу пунктка алып барышат, ал жерден аскер бөлүгүнө жеткирет. Ал жакка түшүп калбоо үчүн бардык күч-аракетиңизди жумшаңыз.

  1. Аскерге чакыруу чечими менен макул эместигиңиз жөнүндө арызыңызды жазыңыз, кармоону токтотууну жана соттук коргоонуу укугуңузду талап кылыңыз.

  2. Жыйналуу пунктунда мед кароодон баш тартыңыз, аскер формасын кийбеңиз, чачыңызды алдырбаңыз, аскер билетине жана жетонго кол койбоңуз. Сизди кылмыш жоопкерчилик менен коркутат, бирок ал сизге коркунучтуу эмес, ишенбеңиз, багынбаңыз.

  3. Тиштегенге, тытканга, мушташканга болбойт, анткени бул аракеттен бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү катары каралуусу мүмкүн – Кылмыш кодексинин 318-беренеси.

  4. Сиз түрмөдө эмессиз, ошондуктан кетип калсаңыз болот. Андан кийин, сизди аскерден качып жатат деген себеп менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоосу үчүн, сөзсүз түрдө, эгерде чакыруу чечими бар болсо, ага каршы арызыңызды жазсаңыз болот. Эгерде паспортуңузду алып алышса, ал коркунучтуу эмес, аскерге чакыруудан кийин кайра калыптандырып аласыз.

  5. Тааныштарыңыз жардамы аркылуу аскерге баруудан баш тартууңузудн юридикалык негизи болуусу үчүн чакыруу комиссиясынын чечими тууралуу жогорку турган комиссияга арыз жазыңыз, ал эми жогорку турган комиссиянын чечимин сотко бериңиз. Муну аткаруу жолдору нускамада көрсөтүлгөн.

Андан кийин

Алар сизди кое бергенде, полициянын жана аскер комиссариатынын иш-аракетине арыздансаңыз болот, ошондой эле жагдайга жараша:

  • Эгерде сиз келишимге жалган жолдун же кысымдын негизинде кол койсоңуз, тез аранын ичинде жокко чыгарыңыз.
  • Эгерде сизде аскерге жөнөтүүгө чакыруу болсо, аскерге чакыруу чечимине каршы арызданып, коопсуздук чараларын көрүңүз.
  • Эгерде сиздин жашыңыз 18 жаштан 30 жашка чейин болсо, аскерге чакыруудан коргонуу планын түзүңүз.
  • Эгерде сиз аскер комиссариатынан же жыйналуу пунктунан качып кеткен болсоңуз, аскерден баруудан баш тартканыңыз үчүн жоопкерчиликти айланып өтүүгө аракет кылыңыз.

Жардам үчүн кайрылыңыз

Бул жерге жазыңыз: @agsnowarbot

Үн билдирүү жөнөтүп койсоңуз болот, өз тилиңизде жазып койсоңуз болот. Эгерде сизди кармап жатышкан болсо, биз тез аранын ичинде жооп бергенге аракет кылабыз же каттоого турганга даярданууга, кол коюлуп калган келишимди жокко чыгарууга же полиция жана аскер комиссариатынын иш-аракеттерине арызданууга жардам беребиз.

Петербургдагы полициянын өз ара аракетенүү тууралуу «ПСП-фондунун» буклети. Сиздин аймактардагы ушул сыяктуу инстанциялардын жана демилгелердин керектүү телефондорун табыңыз.