Перейти к содержанию

Мөөнөттүү аскер кызматына чакыруу

РФнын паспорту бар аскерге чакырууга туура келген курактагы эркектер мөөнөттүү аскер кызматына чакырылуусу мүмкүн. Кызмат өтөө учурунда алдоо же кысым көрсөтүү жолу менен келишимге кол койдуруп, согушка жөнөтүп жибериши мүмкүн.

Аскерге чакыруу курагын өзгөрткөн, 2024-жылдын 1-январынан тартып 18 жаштан 30 жашка чейинки адамдар чакырууга дуушар болушат. Аскерге чакырылуудан коргонууга даярдык көрө баштоо керек, аскерге барбаган укукту тастыктаган документтер менен каттоого (учетко) туруу керек.

Бошонуу жана кийинки убакытка жылдыруу

Эки жана андан көп баласы болсо же 3 жашка чейинки майыптыгы бар баласы болсо, окуп жатса же илимий даражасы болсо, кийинкиге жылдыруу уруксатын алууга болот. Ден-соолугуна байланышту бошотуу же кийинкиге жылдыруу бар. Бардык укуктар «Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын 23-24-беренелеринде көрсөтүлгөн.

Аскер кызматын альтернативдик жарандык кызматка алмаштыруу укугу

Бардык адамдардын аскердик кызматты альтернативдик жарандык кызматка алмаштырууга конституциялык укугу бар. АЖК – бул эмгек келишиминин негизинде, мисалы, ооруканада, эмгек акы жана өргүүлөрүнүн сакталуусу менен иштөө.

АЖКга ишенимдери жана дин ишеними аскер кызматы менен дал келбеген адамдар укуктуу.

  • Эгерде сиз согушка катышууга сиздин пацифисттик же согушка каршы көз карашыңыз жол бербесе
  • Диний ишенимдериңиз – тынчтык, адилеттүүлүк жана зомбулуксуз үчүн болсо Диний уюм согушту, согуш иш-аракеттерин колдоп, курал-жаракты көрсөтүп, согушка бата берүүсү мүмкүн, бирок ишенүүчү адам, мындай уюмдун мүчөсү болгон учурда дагы, расмий позициядан айырмаланган, өзүнүн диний ишенимдерине ээ болууга укуктуу.
  • Эгерде сиз ушул мезгилге чейин башка мамлекетке ант берсеңиз жана РФдагы аскер кызматы аны менен этикалык конфликтке кирет.

АЖК арызын даярдап, 1-октябрга (1-апрелга) чейин жөнөтүү керек, бирок мөөнөттү өткөрүп жиберсе болот. Аскердик каттоого туруу учурунда тапшырсаңыз болот, каттоодо турбагандыктан жана каттоого туруу үчүн чакыруу кагазын албагандыгыңыздан мурда бербегендигиңизди негиздесейсиз. Андан кийин, сиздин арызды кароо боюнча комиссия дайындалат, эгерде комиссия баш тартса – бул чечимди сотко бере аласыз. Сотко арыздануу же АЖК алууңузга чечим чыгарат же сизди аскерге чакыруудан коргой алат, ал эми кийинки аскерге чакыруу болгондо арызды кайра жаңылап берсеңиз болот.

АЖК жөнүндө жана аны кандайча алуу керектигин биздин сайттан окуп алсаңыз болот: agsnowar.info. АЖКга уруксат бербей койгон учурда, аны жокко чыгаруу үчүн сотко арызды даярдоо үчүн: @ne_poedu_bot.

АЖК укуктарын коргоо жана түшүнүүгө, убактысын жылдырууга жана бошотууга акысыз юридикалык жардам үчүн мессенджерге кайрылсаңыз болот, Telegram: @agsnowarbot